www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табигый каталаза ферменти коронавируска каршы натыйжалуу дары болушу ыктымал. Мындай тыянакты АКШ жана Кытайдын окумуштуулары чыгарганын Financial Express журналы жазды. 

Иликтөөдө Covid-19дун организмге таралышын басаңдатары айтылган.

Маалыматка ылайык, каталаза табигый жол менен иштелип чыгып, аны адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр пайдаланат. Антиоксиданттык фермент, ошондой эле дүйнө жүзүндө тамак-аш азыктарын өндүрүүдө жана азык кошулмасы катары кеңири колдонулуп келет.

Үч типтеги тест жүргүзүлгөн, алардын ар бири COVID-19дун ар кандай симптомуна тиешелүү болгон.

Фермент ошондой эле сезгенүүгө каршы таасир этет жана цитокиндердин иштелип чыгуусун жөнгө салып, COVID-19 илдетинин татаалдашкан тутумдук сезгенүүсүн алдын алат. Каталаза ошондой эле өпкөдөгү альвеолалардын ички кабыгын каптаган клеткаларды да коргой алат.

"Биздин иликтөө көрсөткөндөй, бул фермент коронавирустан улам пайда болгон өпкө сезгенүүсүн дарылоо үчүн натыйжалуу терапевттик чечим боло аларын көрсөттү", — деди Лос-Анджелестеги Калифорния университетинин өкүлү Юньфэн Лу.

Ал Кытай медициналык илимдер академиясынын жана Цзинань университетинин изилдөөчүлөрү кирген медициналык топтун иликтөөсүнүн автору болуп саналат.

Мындан тышкары, каталаза резус маймылдардагы SARS-CoV-2 вирусунун репликациясын токсикалык таасири жок эле токтото аларын тажрыйба жүргүзүүлөр көрсөткөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости