www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19 боюнча кырдаал оорлошуп жатканына байланыштуу чет өлкөлөр менен аба каттамдарды чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ал өкмөттүн жыйынында 5-октябрдан тарта башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды жандантпай жана учурдагы каттамдардын санын көбөйтпөй туруу керектигин айткан. Ошондой эле Түркияга каттаган учактардын санын кыскартууну сунуштаган.
Андан соң премьер-министр Аскар Мамин министрдин демилгесин ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүгө тапшырма берди.
Белгилей кетсек, Казакстан өткөн жумада эле Кыргызстан менен Россияга аба каттамдарын жанданткан болчу.
Булак: NazarNews.kg