www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди.

Ал партиянын курамындагы жаңыланууларга токтолуп, команда тазалануу процессин шайлоодон мурда эле баштаганын айтты.

“Партиянын курамы 97 пайызга жаңы жүздөр менен толукталды. Мурда саясатка эч качан аралашпаган таза, ак ниеттүү адистер чогулду. Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек. Биз жаңы деңгээлге таза чыгуу үчүн шайлоого аттандык. Тазалануу аракети Жогорку Кеңештин, аткаруу, сот бийлигинин баардык катмарына  жетиши керек. Ошондо эл күткөн саясат жүрө баштайт”, - деди Ж.Сайдилканов.

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1- октябрь, 2020-жыл.

Последние новости