www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Веллингтон шаарынын тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген. Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталган.

​Ветеринарлардын көрсөтмөсүн укканда Селена Нотнагель тоогу жок жашай албай турганын айткан.

"Ал менин жанымдын бир бөлүгү. Күйөөмө "эгер Блю жакшы болбосо, анда чуңкурду экөөбүздү ылайыктап каз" деп айттым. Мен ал жок кантип жашаарымды билбейм", — деген Нотнагель.

Канаттууга адистер операция жасаган. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келген. Аны дарылатууга 10 миң долларга чукул каражат сарпталганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости