www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала алынган маалымат боюнча, Америкадагы массалык баш аламандыкта каза болгон, жабыркаган жана кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу 1-июнда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Вашингтондогу элчилик Америкадагы кырдаалга байкоо жүргүзүп жатат. АКШдагы мекендештерди алдын алуу чараларын сактап, эл көп топтолгон аймактарга барбоого чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.

Америкадагы нааразычылыктар менен коштолгон баш аламандыкта кармалган адамдардын саны 4 миңге жетти. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, полиция кызматкеринин колунан каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин 70тен ашык шаарда жашоочулар акцияга чыгышкан. Бир катар дүкөндөр, соода түйүндөрү жана башка объекттер талкаланды.

Чогулгандар полициянын мындай мамилесине нааразы. Ал эми баш аламандыктар башталгандан кийин Флойддун өлүмүнө тиешеси бар делген 4 полиция кызматкери жумушунан бошотулган. Өлкө президенти калыс жана тез арада териштирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости