www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко “өлкөдө эч кандай “Майданга” жол берилбейт” деп ачык эскертти. Анын алдында Минск жана башка шаарларда президенттик шайлоого катышкысы келген оппозиция өкүлдөрүн колдогон жүрүштөр өткөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары билдирүүдө.

Украин борбору Киевде 2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичке каршы акциялар Эгемендик аянтында же украинче “Майдан Незалежностиде” уюштурулуп, “Майдан” деген сөз европачыл митингдердин символуна айланган.

Беларус лидери 1-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы менен жыйында көз каранды эмес же оппозициячыл саясатчыларга кол топтоо жүрүштөрү чет элдик күчтөр тарабынан уюштурулганын айтты жана демонстрацияларды «ар кайсы жактан беларус жерине урган желаргы» деп атады.

Лукашенко андай акциялар өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирерин, аларды «армия, КГБ жана бардык эл тарабынан коргош» керек экенин кошумчалады.

Өткөн айда HRW эл аралык укук коргоо уюму 9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында Минск митингчилерди, оппозициялык блогерлерди, журналисттерди, өкмөттү сындагандарды куугунтуктоону күчөткөнүн сындаган.

24-майда бир миңдей киши өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун дагы бир президенттик мөөнөтүнө каршы чыгышкан. Беларуста президенттик мөөнөттү чектеген жобо 2004-жылы алынып салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости