www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарына байланыштуу Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы тирешүү күчөгөндөн бери АКШнын Аскер-деңиз флотунун эки кемеси биринчи жолу Тайван кысыгынан өтүп жатат, деп билдирет Lenta.ru.
Эки кеме - Chancellorsville жана Antietam Тайван кысыгындагы эл аралык суулардан өтүп жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги үч америкалык аткаминерге таянып кабарлады.
Эскерте кетсек, 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келген. Кытай бул кадамды сынга алып, АКШга нааразыяылыгын билдирген, анткени Пекин иш жүзүндө көз карандысыз аралды өзүнүн аймагы деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg