www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык белгилүү жылдыздар Бейонсе менен Жей Зи эгиз наристелүү болду. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 18-июнда "People басылмасы тастыктады. Бирок наристелер кайсы күнү, саат канчада, канча килограмм салмакта жана уул же кыз төрөлгөнү тууралуу жылдыздар так маалымат беришкен эмес.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын февраль айында Бейонсенин кош бойлуу экени чет элдик басылмалардын башкы жаңылыгына айланып, анын кош бойлуу сүрөтү интернетте "жакты" белгисин топтоо боюнча рекорд жараткан.
Ал эми эгиз наристелүү болору маалымдалган соң алардын жашоосуна коомчулуктун кызыгуусу күндөн-күнгө арткан. Өткөн жумада жакын арада эгиздерди жарык дүйнөгө алып келүүгө даярданып жаткан ырчы төрөт үйүнөн корккондугу үчүн өз үйүндө көз жара турганы жана төрөткө кызы Блу Айви катышаары айтылган.

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"

Последние новости