www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда "А" тайпасында экинчи оюн Казань шаарында орун алды. Анда Европа чемпиону Португалия Мексика менен 18-июнда кез келди.
Роналду баштаган курама команда "чү" дегенде эле чабуулга өттү. 21-мүнөттө Пепе кошумча сокку узатып, эсепти ачкандай болгон. Бирок, калыстарга жардамчы иретинде пайдаланыла баштаган видеокайталоо бул учурда офсайд катталганын билдирди.
35-мүнөттө Роналдунун пасынан Куарежма эсепти ачты.
Мексикалыктар чабуулун күчөтүп, команда лидери Чичарито 41-мүнөттө эсепти 1:1 кылды.
Экинчи бөлүктө португалиялык Соареш 86-мүнөттө гол киргизсе, Морено бурчтан берилген пасты голго айландырды.
Эсеп 2:2, эки команда бирден упайга ээ болушту.
Эске салсак, кечээ ушу тайпадагы Орусия менен Жаңы Зеландиянын оюну 2:0 эсебинде аяктап, үй ээлери жеңишке жетишкен.

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"

Последние новости