www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда Пентагондо кадрдык кризис күчөдү. Коргоо министри Пит Хегсет армиянын штаб башчысы Рэнди Джордж кызматтан кетишин талап кылды. Анын ордуна генерал Кристофер Ланив дайындалышы мүмкүн экени айтылууда
Маалыматтарга караганда, бул чечим Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, айрыкча Иран менен байланышкан окуялардан кийин кабыл алынган. АКШнын стратегиясы күтүлгөндөй иштебей, Тегерандын жооп соккулары Вашингтон үчүн олуттуу көйгөй жараткан.
Эксперттер муну жөн гана кадр алмашуу эмес, армияны саясий көзөмөлгө алуу аракети катары баалашууда. Алардын айтымында, Дональд Трамп администрациясы өзүнө толук баш ийген жетекчилерди алып келүүгө аракет кылууда.
Ошол эле учурда мындай өзгөрүүлөр АКШнын эл аралык аброюна жана НАТО менен мамилесине таасир этиши мүмкүн экени белгиленүүдө.