www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт агымдарын жөнгө салуу жана тыгындарды азайтуу максатында төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл киргизилди:

  • Бөкөнбаев көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан батыш багытты көздөй Асаналиев (Некрасов) көчөсүнө чейин;
  • Жаңы ачылган Бакаев көчөсү — Бөкөнбаев көчөсүнөн түштүк багытты көздөй Лев Толстой көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Лев Толстой көчөсүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү камсыздалып, жол эки тилкелүү кыймылда уюштурулду. Аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги тилкенин убактылуу жабылышына байланыштуу, жаңы жол бөлүгү түштүк багытта унаа кыймылы үчүн ачык.

Долбоордун экинчи этабында Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин узартуу жана көпүрө куруу пландалууда.

Последние новости