www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Төраганын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны өттү.
Эскерте кетсек, жыйынга депутаттар, Министрлер Кабинетинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган багытта иш алып барган адистер чакырылган.
Андыктан Төрага Кеңештин жаңыланган курамынын алгачкы жыйынына ийгиликтерди каалап, мындай жолугушуулар формалдуу эмес, маанилүү максатта уланышы керектигин кошумчалады.
Ошону менен катар өлкө башчысынын тең укуктуулукту жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жаатындагы ырааттуу саясатынын аркасында Кыргызстан жакшы натыйжаларга жетишип жатканын белгилеп: «Парламенттер аралык союздун маалыматы боюнча, Кыргызстан 2025-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына ылайык, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу боюнча дүйнөдө эң чоң прогрессти көрсөткөн өлкө болуп таанылды. Учурда Жогорку Кеңеште 31 айым кесиптешибиз бар. Бул жөн гана цифралар эмес. Мунун артында өкүлчүлүктүн сапатынын реалдуу өзгөрүүсү турат», – деди Төрага.
Тагыраагы, Парламенттер аралык союздун отчетунда «Жакшы ойлонулган жана ишке ашырылган квоталар парламенттерде аялдардын өкүлчүлүгүн кеңейтүүдө чечүүчү ролду ойной бермекчи, муну Кыргызстан жана Эквадор өзгөчө айкын көрсөттү», – деп жазылганын мисал кылган Марлен Маматалиев: «Кыргызстандын жетишкендиги жөн гана улуттук ийгилик эмес, бул бүткүл дүйнө үчүн үлгү», – деп атады.
Мындан сырткары, Президентибиз тарабынан аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган бир катар системалуу чечимдер кабыл алынганын айткан Төрага коомдук-саясий турмуштагы аялдардын ролун жогорулатууга арналган мыйзамдык өзгөрүүлөр жана чечимдер тууралуу сөз кылды. Тагыраагы, башкаруучу кадрлардын резервинде аялдардын санын кеминде 30%га жеткирүү, 2030-жылга чейин мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтарда аялдардын үлүшүн 30%га көбөйтүү талабы коюлганын жүйө келтирди.
«Ошондой эле «Социалдык контракт» мамлекеттик программасынын алкагында март айында эле Талас облусунда 71 үй-бүлө өз ишин ачуу үчүн 150 миң сомдук сертификат алышты. Өзгөчө маанилүүсү аталган программанын катышуучуларынын 94%дан ашыгы негизинен элет жеринде жашаган аялдар. Бул үй-бүлө түйшүгү менен бирге ишкердикти кошо алып жүргөн аялдарды реалдуу колдоо болуп саналат», – деп кошумчалады Төрага.
Кеңештин жыйыны аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик маселелерине байланышкан баяндамалар менен уланып, катышуучулар тарабынан түрдүү сунуштар, маанилүү пикирлер айтылды.