www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү аскер ишмери, генерал-майор Бекбоев Мэлс Сагыналиевич 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Мэлс Сагыналиевич өмүрүнүн бардык баскычтарын Мекенге кызмат кылууга жана өлкөнүн аскердик коопсуздугун чыңдоого арнап, жаркын жана татыктуу өмүр жолун басып өттү. Ал 1952-жылдын 20-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында төрөлүп, Алматы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайынын курсанты болуп баштаган жолун жогорку мамлекеттик жана аскердик кызматтарга чейин уланткан.
Кызмат өтөгөн жылдары Мэлс Сагыналиевич өзүн жогорку кесипкөйлүккө ээ адис, принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын өмүр баяны - эгемендүү Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхы менен тыгыз байланышкан. Ал ар кандай жооптуу аскердик кызматтарды аркалап, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого зор салым кошкон.
Мэлс Сагыналиевичтин Мекен алдындагы эмгеги жогору мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген. Алардын катарында «Манас» орденинин II жана III даражалары, Кызыл Туу ордени, ошондой эле башка мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар бар.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамы, достору, кесиптештери жана кол алдында кызмат өтөгөндөр аны принципиалдуу инсан, ак ниет жана даанышман жетекчи катары эскеришет. Ал өлкө үчүн эң оор учурларда да антка жана офицердик ар-намыска бекем бойдон калган.
Жаш офицерлер үчүн Мэлс Сагыналиевич ар дайым чыныгы патриоттуулуктун жана элине берилгендик менен кызмат кылуунун үлгүсү болуп келген.
Мэлс Сагыналиевичтин жаркын элеси анын жакындарынын, туугандарынын, кызматташтарынын жана аны тааныган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жамааты Бекбоев Мэлс Сагыналиевичтин туугандарына, жакындарына жана санаалаштарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшүп, сиздер менен кошо аза күтөбүз.