www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2000-жылдардын башында Кытай Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин доллардын курсу төмөндөп кеткен учур кайра кайталанары күтүлүүдө. Бул тууралуу Sputnik кыргызстан жазды.

Коронавируска каршы массалык түрдө вакцинация жасоо жана дүйнөлүк экономиканын жанданышы доллар курсунун арзандашын шарттайт. Бул туурасында АКШнын Citigroup ири инвестициялык компаниясынын аналитиктеринин божомолуна таянып, Bloomberg басылмасы билдирди.

Аталган компания жыл жаңырары менен коронавируска каршы вакцина таратылган учурда доллардын наркы 20 пайызга чейин төмөндөй турганын божомолдоп жатат. Бул дүйнөлүк сооданын кайра калыбына келишине жана экономиканын өсүшүнө жол ачат. Ал эми АКШнын Федералдык резервдик системасынын жумшак саясаты да америка валютасынын курсуна таасир этүүгө дагы бир фактор болору айтылат. Инвесторлор төмөн коюмдардын айынан америкалык активдерден эл аралыкка кетүү аргасыз болмокчу.

"Бүгүнкү күндө доллар 2000-жылдардын башындагы жолуна кайрадан түшүшү мүмкүн", - деп билдирген Citigroup компаниясынын адистери.

Кеп Кытай Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин доллардын курсу төмөндөп, наркы бир нече жыл бою кармалып турганы жөнүндө болууда. Бул учурда глобализиациянын жаңы толкуну пайда болуп, дүйнөлүк сооданын көлөмү жогорулап АКШнын жабык экономикасын артка калтырган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости