www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 2-ноябрында Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары учурунда жергиликтүү эл тарабынан калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча суроолорду беришкен. Анын негизинде Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон токтомго ылайык, Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагындагы 151,1 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.  

Өкмөт башчынын башка чечими менен Баткен районундагы Дара айыл аймагындагы 148,6 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.

Ошондой эле Премьер-министр Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерди трансформациялоо боюнча токтомго кол койду. Бул чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости