www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас ордо” коомдук уюмдун президенти, коомдук ишмер Анарбек Усупбаев агабыз менен алмустактан келаткан наркнасил жөнүндө кеп учугун уладык. Жакында эле, 21-майда президент Садыр Жапаров улуттук нарк тууралуу жарлыкка кол койгон эле. Коомчулук бул жарлыкты жакшы кабыл алууда. Мына ушунун тегерегинде сөз уланды.

- Анарбек ага, президент Садыр Жапаровдун ысырапкорчулук жана улуттук нарк тууралуу жарлыгы бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде актуалдуу?

- Сөз башында айтып коёюн, анткен менен мен деле кыргыздын аксакалы болуп, жашым жетимиштен ашып калды. Мага бул жашоодо эч нерсенин кереги жок. Болгону пенсиямды өз убагында берип турушсун. Илгери, менин курагымдагылардын баскантургандары оор басырыктуу болуп, кара кылды как жарган калыс кептерин айтып, журт башчыларга кошомат кылбай, орундуу сүйлөшкөн.

Ооба, президент быйылкы жылдын эсебинен катар-катар эки жарлык чыгарды, бири ысырапкорчулукка байланган нерсе. Анткени элибизде “аш көп болсо каада көп” дешип, ашыкча ысырапкорчулук жосунга өтүп алдык. Муну “каада-салт” деп айтууга ооз барбайт. Бул жөн гана адамдар ойлоп тапкан нерселер болуп кетти. Ысырапкорчулукка карата жарлыктын колдой турган да көп жактары бар.

Эгерде кыргыз өзүнүн тапкан-ташыганын, дүнүйөсүн ушундай керексиз нерселерге жумшабаса, анда мындан да жакшы жашоого мүмкүнчүлүгү болуп атпайбы. Үй-бүлөлүк кирешени саламаттыгын жакшыртууга, балдарын билимге сугарып, келечегине жумшагандын ордуна ашыкча шаан-шөкөткө сапырып атат. Бул багытта президенттин жарлыгы өтө орундуу жана актуалдуу, муну баарыбыз жапатырмак ишке ашырышыбыз керек. Эми ошого удаа эле экинчи бир жарлык улуттук нарк жөнүндө деп аталды.

Анткени, бул эң манилүү нерсе. Улутту улут кылып сактай турган тили жана наркы, аны менен бирге каада-салты. Суке, өзүң билесиң, дүйнөдө канчалаган элдер тилин, наркын жоготуп, башка элге сиңип кетти. Алыска барбайлы, Сибирдеги бизге кандаш, тектеш улуттар бар. Мына ошолордун фамилиялары, аты, окуганы, жүргөн-турганы орусча. Өңү-түстөрү гана азиаттарга окшош.

“Биз да ушундай болуп калбайбыз?” деп эч ким кепилдик бербейт. Тиги жагы Россия, бу жагы Кытай, капталыбызда 35 миллион калкы бар Өзбекстан турат. А биздин 6 миллион (анын таза кыргызы 4 миллиондун тегерегинде) эли биз жанагы 40-100 миллиондогон эли барларга салыштырганда, кумга сиңген суудай болуп жок болуп кетебиз, эгерде тилибизди, нарк-насилибизди, каада-салтыбызды барктап, бапестебесек.

Союз маалында баарыбыз Москваны карап, ошолорго карап түздөндүк, жапырт орусча сүйлөп калдык, кыйла туурадык, орусча арак ичип, алардын салты менен жашап калбадыкпы. Эми андан кутулуп, өзүбүздүн салтыбызга келебиз деп, музыкаларыбыз, маданиятыбыз, кол өнөрчүлүк жана башкаларыбыз жакшы жолго түштү. Манас айтылып, комуз күүсү, айтыш ж.б.

Бирок, кайрадан көп өтпөй, орустун ордуна исламдашуу келип чыкты. Ислам болгондо да кадимки Куранда жазылган тазалык эмес, кайдагы бир исламга жамынган агымдар. Пакистан тараптан, Араб өлкөлөрү тарабынан радикалдашкан, биздин улутубуздун наркын жок кыла турган, салтты, тилди, улутту жоюп сала турган атайын чет өлкөлөр тарабынан каржыланып аткан нерселер келип чыкты.

- Мисалы?

- Алсак, бекер мечитти кура коюу, бекер дааваттарды уюштуруп берүү, бекер дин кызматкерлерин даярдай турган медреселердин пайда болушу – мунун баары түпкүлүгүндө, келечегинде кыргыз деген улутту жоюп, өздөрүнө окшоштуруу максатты көздөшүүдө.

- Аныгында, биздин элибиз билбей жатабы?

- Чынында билбей жатат. Эмне десе эле “элибиз арак ичпей, ыймандуу болуп калды” дешет. Орустун саясатынан да ашкере радикалдуу исламчылар бузуп атат. Элибиздин тереңден түшүнбөй атканы мени өкүндүрөт, кайгыртат. Бул багытта кеч болсо да президенттин улуттун наркы тууралуу жарлыгынын чыгышы кетип бараткан “селди”, толкунду токтотобу (?) деген үмүт жаралууда.

Бу жагынан Садыр Нургожоевич музду бузду, эми акылдуу интеллигенция, илим-билимдүү адамдар, жөн эле жүрөгү кыргыз деп соккон оту бар адамдар мына ушу нерсени жапырт колдошубуз керек. Бир президент Садыр Жапаров, бир мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бул ишти аткара албайт. Калайык калк колдоосу абзел. Илгерки кыргыздын салты менен жашаган улуулар колдогону оң. Мына ошондо ушу саясат ишке ашат. Болбосо көптөгөн жарлыктардын катарында унутулуп кетүү жагы бар.

- Анарбек ага, коомчулукка чакырык таштадыңыз, жогоруда айткандарыңыз орундуу. Бирок, кээ бир саналуу журт бузарлар сизди “динге ишенбеген каафир, журт бузар” деп келишүүдө, буга эмне дейт элеңиз?

- Албетте, алар аз санда, менин момун мусулман экенимди, атаэнеме, көздөрү өтүп кеткен ата-бабаларга молдо чакыртып баймабай Куран түшүрүп турарымды, сүннөткө отургузулганымды билбеген чыгар. Ислам дининин Ханафи масхабын тутунам. Ашкере арабдын чалмасынын ордуна кыргыздын ак калпагын, шалбыраган, тизени жапкан көйнөктүн ордуна кыргыздын чапанын кийем.

Динге каршы чыккан эч ким жок. Биз да диндин ичиндебиз. Бирок, дин түпкү маанисинде сакталбай атпайбы. “Дин” десе капкара паранжы кийинген, “дин” десе селде оронгон, “дин” десе, эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздарды ороп-чулгоо эмес да. Куранда “селде, паранжы, дамбал, жиджап кий, болбосо мусулман эмессиң” деп айтылган, жазылган жери жок. Ушуларды кийингендин зарылчылыгы барбы?

Кудай, Куран, адеп-ахлак, ар-намыс деген адамдын жүрөгүндө, акыл-эсинде жашаш керек. Биз эч качан сырткы келбетке оодарбайлы. Мына, улуттук нарк ушуну айтып атпайбы! Наркты сактасаң, адептүү болосуң. Адептүү адам абийирдүү, абийирдүү адам нарктуу адам! Манасты жараткан кыргыз эли кылымдардан кылымдарга жок болуп кетпей эми жоголуп кетеби, ушу жөнүндө терең ойлонолу.

Аш-тойдо, мааракелерде, көпчүлүк чогулган жерлерде ашкере динчилдердин дааватын айткандан, уккандан көрө, кыргыздын алмустактан келаткан каада-салтын, нарк-насилин, биздин гана улутка тийешелүү үрп-адатын айтып, жайылталы.

Президент Садыр Нургожоевич бекеринен улуттун наркы тууралуу жарлык чыгарган эмес чыгар, эсибиз барда этегибизди жыялы!

Булак: Азия News гезити

Последние новости