www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Анталия шаарында казакстандык аялдын жансыз денеси өз батиринде табылганын жергиликтүү укук коргоо органдары билдирди, деп маалымдайт Ulysmedia.kz.
Түрк маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, каргаша Коньяалты районунда болгон. Алардын айтымында, 43 жаштагы Дарья Өзтүрктү үйүнөн күйөөсү эс-учун жоготкон абалда тапкан. Ал тез жардам кызматын жана полицияны чакырган, бирок келген фельдшерлер анын өлүмүн гана тастыкташкан. "Аны текшергенден кийин, окуя болгон жерге тергөө тобу жана прокурор жөнөтүлгөн", - деп жазат "Анталия бүгүн" гезити.
Текшерүүдөн кийин аялдын сөөгү Анталиядагы Соттук-медициналык экспертиза институтуна жөнөтүлдү. Алар өлүмдүн так себебин аныкташат.
Аял турмушка чыгып, жети жашар кызын тарбиялап жатканы кабарланууда.
Ulysmedia.kz басылмасы расмий комментарий алуу үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.
"Маалыматтарга ылайык, ал Түркиянын жараны болгон жана Түркиянын жаранына турмушка чыккан", - деп билдиришти министрликтен. Ал мурда Казакстандын жарандыгын алган болушу мүмкүн.