www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди 9-июлда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

6-июлда борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал «Antares Trade» каржы пирамидасынын курмандыгы болгон. Июнь айында ал кирешесин көбөйтүү үчүн үч эркек кишиге 35 миң доллар берген. Бирок арыз ээсинин айтымында, алар берген убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталды.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган М.Д., 1982-жылы туулган Т.С. жана 1964-жылы туулган Х.Ч. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, кийинчерээк сот эки айга камады.

Мындан тышкары милицияга шектүүлөргө байланыштуу дагы ушундай 10 арыз түшкөн. Келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.

Милиция кармалгандардын башка кылмыштарга катышын аныктоону улантууда. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдардан төмөнкү телефон номурлар менен кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (708) 834-925, 0 (703) 105-083 жана 102 кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости