www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч ким коркутуп, кодулап башкара албайт, кара күчтөн коркуп калчу биз эмеспиз! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык баракчасына жазып чыкты. 

--"Элибизди эч ким коркутуп, кодулап башкара албайт жана эч убакта ага жол бербейбиз! Биз убактылуу кедей өлкө болушубуз мүмкүн, бирок эркин абадан дем алабыз, ошону менен сыймыктанабыз! Бул биз үчүн чоң байлык! Адилеттүүлүктү, чындыкты айтып турган жарандарыбыздын көптүгү келечегибиз кенен, өнүккөн өлкө болоорубуздан кабар берет.

Жетекчи болчу адам элди башкарам деп эмес, элге кызмат кылам деп ниет кылышы керек.

Кыргызстанда ызы-чуу, тополоң болушун эч ким каалабайт, баарыбызга бейпил турмуш, тынч жашоо керек. Бирок диктатор болом, калыстыктан таям жана коркутуп, камап башкарам дегендер терең жаңылышат.

Өлтүрүп кетем, жок кылам деп мага карата видео кайрылуу кылган жаштарды көрдүм, аларга боорум ооруду, мен аларды жазалоого бардык тараптан күчүм жетет, ага барбайм бирок. Саясатка келген соң, сынга, ачууга чыдаш керек экен. Жетекчи болгондордо бул милдет он эсе көп жүктөлөт.

Жаратмандык идеалар менен элди бириктирүү зарыл, кара күчтөн коркуп калчу биз эмеспиз!", - дейт депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости