www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бири-бирин кайталаган органдарды жоюу
Өкмөттүн курамында конкреттүү бир маселе чече албаган органдарды кармап отуруунун зарылчылыгы жок. Бюджеттин акчасын үнөмдүү пайдалануу максатында бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз иштеген мамлекеттик органдарды жоюу дагы мезгилдин талабы!
Мисалы: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностук мамилелер Агенттиги. Бул Агенттик Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү менен райондук администрацияларды кайталап эле олтурушат. Өздөрүнүн конкреттүү аткара турган, мамлекетке пайда келтире турган иштери деле жокко эсе. Эгерде бул Агенттик жоюлса, бюджетке 30 млн сом үнөмдөлмөк.
Ошондой эле, Антимонополия Агенттиги дагы натыйжасыз иштеген органдардын катарында. Мурда 5 сомдон сатылчу беткаптар пандемиядан кийин дароо эле 20 сомго кымбаттады. Башка дары-дармектердин жана азык-түлүктөрдүн кымбаттаганын айтпай эле коёлу!
Бирок, Антимонополия Агенттиги эч кандай чара көрө алган жок. Анда эмне кереги бар мындай мекемени кармап олтуруунун?
Алмазбек Сардеков, NazarNews.kg