www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анвар Артыков:

Жарандык активист, журналист Элнура Кулуева “Саясий труптун жандоочусу кантип шайлоого аттанды?” деп Атамбаев партиясын тагдырын тапшырып, лидер кылып, шайлоого аттандырып жаткан Анвар Артыковдун 2009-жылы 7-майда жарык көргөн "Апта" гезитиндеги Атамбаевди орой сөздөр менен сындаган макаласын жарыялады. Макаланы өзгөртүүсү жок сунуштайбыз. 

Койду бир касапчыдан сатып алып, экинчи касапчыга саткандан койго жеңил болбойт...

Өлкө "президенттик шайлоо" деген эбегейсиз чоң оюн-шоок алдында турат. Анын жыйынтыгы кандай болорун жаш бала да жаземдебей билет. Атайын секретариат ачып, стратегиялык институтун жаңылап, негизги массалык маалымат каражаттарын өзүнө "каратып", качантан берки кам-чому ушул тапта аяктап калган азыркы бийлик тууралуу айтар сөз жок.

Менин айтайын дегеним, өзүм да тийип-качма мүчөсү болгон Бириккен элдик кыймылы (БЭК), б.а. шайлоонун дагы бир оюнчусу жөнүндө. БЭК жаңыдан көз жарганда коомчулук жакшы кабыл алып, аларга албан милдет арткан. Кыймылдын эң жогорку органы - Улуттук кеңеш талабы катуу эреже-каада менен түзүлгөн. Анын чечимдерин турмушка ашыруу максатын 12 адамдан турган бюро аркалаган.

Тилекке каршы, бюро акырындап менчик бийликке айлана баштады. Кабыл алынган чечим менен ички эреже көзгө илинбей калды. Бюро түзүлүшү тымызын алмаштырыла берди. Мисалы, менин жаңы бюро мүчөлөрүнө эч кандай каршылыгым жок. Кеңешке чакырып, жалпынын макулдугана койсо, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, Т. Сариев сыяктуу эле Б. Бешимов , И. Өмүркуловдун президенттик шайлоого ат салышышынын кош колдоп колдомокмун. Алар А. Атамбаевге караганда атан төөдөй өйдөчүлүк кылаарын жакшы билем.

Кеп, албетте, анда эмес. Кеп оюн эрежеси одоно бузулуп, БЭКтин принциби тепсендиде калгандыгында. Ушул ыңгайдан караганда, бюро аракеттеги бийлик менен астыртан келишим жүргүзүп аткандай. Болбосо бийлик босогосунда адал эреже менен айткан сөзүнө туралбаган адамды канткенде мамлекеттин эң башкы бийлигине ишенип көрсөтөт?

Оппозициядан бир кандидат көрсөтүү маселеси Улуттук кеңеште каралган жок, бюронун көшөгө артындагы кеңешмесинде бекиди. Улуттук кеңешке койгула деп менин чырылдаганым суу кечпей калды. Анткени ал маселе Улуттук кеңештен өтпөй калышы мүмкүн эле, ошондуктан бюро аны III элдик курултайда мыйзамдаштырабыз деп чечти. Курултай жөнүндө кийин айтам. Тек, БЭК "лидерлери" менен көптөгөн талаш-тартышка барып атып, менин көзүм жеткени бу болду: буларга "колунда талканы барлар гана сүйгүнчүктүү" экен. А. Атамбаевдин мынчалык ашып-ташкан байлыкка кантип жеткени тууралуу аңыз кеп көп. Ошентип БЭКтин бул чечимине А. Атамбаевдин байлыгынан башка эч нерсе негиз болгон жок. Мен ошондо эле айттым, биз А. Атамбаевди алып чыгуу менен коомдук аң-сезимди будамайлоого аракет жасайбыз да, ага азыркы бийликти күнөөлөгөндөн ашпайбыз. Атамбаевди жактаган бюро мүчөлөрү анын акчасы көптүгүнөн башка бир ооз аргумент айталышпады. Мындай принцип кайда алып барарын эл жакшы билет. Бүгүн ушул принцип менен жашап жатабыз, эртең да аны улантсак, эч нерсе өзгөрбөшүнө кепил болом. Бул саясый күрөштүн ысыгына кошо түтүп, суугуна кошо тоңгон катарлаштарыма катуу тиерин жакшы билем. Арийне, ачуу да болсо, акыйкаттын аныгын айткан жакшы. Өзүңөр калыс болгула. Апам мага адамдар ортосунда көпүрө бол керээзин калтырган дегенди А. Атамбаев көп кайталайт. Алмаздын адамдык материалы кайсы көпүрөгө болбосун жараксыз экендигин канткенде билбей калды?

Окуяларды учкай тизмектеп көрөлү.

2006-жыдын майы. Э.Байсалов бийлик саясатына каршы марш уюштуруп, ал борбордук аянттагы митингге айланды. Баардыгыбыз жапа тырмак колдоп кеттик. Акцияны улантып, бийликти шайлоо алдында берген убадасын аткарууга мажбурлоо маселеси чыкты. А. Атамбаев каршы болду. "Реформа үчүн" кыймыл түзүлдү. Көпчүлүк оппозиция күчтөрү бириккенсиди. А. Атамбаев менен Ө. Текебаев экөө тең төрөга шайланды. Кыймыл канчалык реалдуу күчкө айланган сайын анын лидерлеринин бийликке болгон арааны ачыла баштады. Алардын арасына бери калганда беш адам президент, төрт адам премьер болгусу келет экен. 2006-жылдын ноябрь айынын башында лидерлер өлгөн аюнун терисин да жөндөп бөлүштүрө албай турганы митингичилерге айдан ачык билинди. Арийне ноябрь митингдери өтө жогорку деңгээлде уюшулганын, анда А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Т. Сариев ж.б көптөрдүн эмгеги арбындыгын айта кеткен оң. Митингдерде жаакта жок ораторлор, жалындуу атуулдар пайда болду. Президент Бакиевди "саясый труп" атап, анын алдына албетте, А.Атамбаев чыкты. Кийин өзүнө аз жерден калктын жалгыз сактоочусу катары сыпаттай жаздап, бийлик менен келишим түзүп премьер болуп кеткенде кимдир бирөө мамлекет башчысын "саясый труп" деп, өзү жанына барып жатып алды деп жазды. Ага чейин бийликке аябай көп "эмгек" сиңирди. Штаб мүчөлөрү биринен сала бири митингди мен басам убадасын көтөрүп, бийлик менен тымызын сүйлөшүү жүргүзө баштады. Анын эң алдыңкы сабында дагы эле А. Атамбаев турду.

Штаб мүчөсү катары айтаарым, А.Атамбаев Акүй менен "жыңайлак катышын" бирибизге да айткан эмес, бирибиз менен да макулдашкан эмес. А. Атамбаев мени премьер-министр болууга оппозиция мажбурлады деп анда бети-башы чымырабай билдиргени карандай калп. Акырында митинг бир дагы максатына жетпей, А.Атамбаевдин демилгеси менен таркатылды. Оппозиция андай олдоксон кадамынан кийин канча жабыр тартып, канчалык алсыраганы белгилүү.

А.Атамбаевдин аяк-башы жок цинизми 2007-жылдын апрель митингилеринде да адырайып ачыкка чыкты. Аны бийликтин ушул бийик бутагына ошол эле митинг чилер кондурганын унутуп калды. Эсиңиздеби, митингди кууп, сабап, камап, газ менен аттырып тараткан түнкү саат бирде А. Атамбаев борбор аянтында табасы канып, митингчилерди кой атап, бүт Кыргызстанга жарыя кылды.

А. Атамбаев кандай премьер-министр болгону башкага болбосо да таластыктарга бештен-бештен белгилүү. Анын "жылуу" кабыл алуусунан соң, бир катар жаштар соттолуп, баткакка тебеленген. Аларды жөнөкөй эле адамкерчилик менен кечирип коюунун ордуна, мыйзам бузду, катуу жазалансын деп кагынып-силкингени калың элдин эсинде.

Аз убакыт премьер болгон Атамбаев эмнеси менен элдин эсинде калды. Эңкейип эмгек кыла элек жатып эле "мен,мен" деп төш какканы менен. Антип өзүн-өзү ашык болууну илим дүйнөсүндө "нарциссизм" деп коет. Өзүн өңгөлөрдөн мыкты санаганы менен. Тынч демонстрацияны уруп-согуп таратканга катышканы менен. Өз элин "кой" эсептеп, өзүн чабан сезип алганы менен. Ошентип конституция реформасын аңгекке тыкты. Анысы жана элдик кыймылды алсыратканы үчүн орден алды.

Эми дагы элди сактасам, мен сактайм деп төш кагып атыр. Президент болууга көңүлү жок, бирок аны кайрадан мажбурлап аткан имиш. "Мойнунан байлаган ит- ууга жарабайт" дейт кыргыз макалы.

Эми III курултай жөнүндө. Эл көп болду. Жакшы ой-пикирлер айтылды. Албетте эмоциялар да ашып-ташып кетип атты. Айрымдары А. Атамбаевди асманга чыгара мактады. Айрым, балким каармандын өзү менен акылдашыппы, айтор "Ким Атамбаевге каршы болсо, оппозицияга каршы" дегенге чейин барышты. А.Атамбаев өзүнүн өзгөчө миссиясын белгилеп, булактай тунук, акатай аппак экендигине басым жасады. Мен ынаган жокмун. Башкаларда ошондой пикирде болду. А. Атамбаев бул шайлоодо кантип айрыкча роль ойнорун жакында көрөбүз.

Акырында А. Атамбаевдин өзүнүн аллегориясын кыстара кетким келет: койду бир касапчыдан сатып алып, экинчи касапчыга саткандан койго жеңил болбойт.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 27-майында Атамбаевдин КСДПсынын саясий кеңешинде партиянын жаңы лидери болуп Анвар Артыков шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости