www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев өзүн «Чоң Казат» деп атаган кыймылдын өкүлү, адвокат Канат Хасановго каршы арыз менен ИИМге кайрылганы маалым болду. Депутаттын жактоочусу:

«Канат Хасанов 26-майда «Жумалиев Бишкектин Ленин райондук сотуна 100 мин доллар пара сунуш кылган» деген маалымат айткан. Муну менен депутатты далили жок айыптап чыккан. Депутат анын айткандарын жалган деп эсептейт. Ошого байланыштуу өз кадыр-баркын коргоону өтүнүп арыз жазды», — деген.

28-майда Канат Хасанов Ички иштер министрлигине «Чоң казат» кыймылынын иши тууралуу күбө катары сурак берип чыкканын, ушул эле күнү кайрадан суракка чакырылганын кабарлаган.

Эске салсак, Кубанычбек Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, байлыгын айтып чыккан Жапыкеевди сотко берип, он миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал доо арыз сотто карала баштап, алгачкы соттук отурум 25-майда болуп өтүп, 4-июнга жылдырылган.

Опубликовано Канатом Хасановым Четверг, 28 мая 2020 г.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости