www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Пенсильвания штатынын тургуну Синтия Блэк чоң энесинин сөөгүн 15 жыл бою жер төлөдө сактап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, небереси чоң энесинин сөөгүн пенсия жана башка социалдык төлөмдөрүн алуу үчүн жашырып жүргөн. 2019-жылы февралда гана маркум Гленора Делахейдин сөөгүн табышкан. Сырдуу окуяны иликтеп отуруп, укук коргоо органдары бир жылдан кийин гана небереси, 62 жаштагы Синтия Блэкке чыгышкан. 26-май күнү кылмышка шектүүнү кармашканда ал чоң энеси 2004-жылы 97 жашында каза болгонун айткан.

Небереси чоң энесине берилип келген пенсия, социалдык төлөмдөрдү ипотекасын төлөөгө жумшаганын жана ал акчадан куру калууну каалабаганын билдирген. Ал эми маркумдун сөөгүн жер төлөгө түшүрүп, чоң тоңдургучка салып койгонун айткан.

Полиция Синтия Блэкке уурулук, мыйзамсыз мүлккө ээлик кылуу жана сөөккө келеке мамиле кылуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости