www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95% өз ара макулдашылды. 

Ал эми, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чийменин жалпы узундугунун 60% өкмөттүк делегациялар тарабынан өз ара макулдашылды. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 38 отуруму, топографиялык жумушчу топтун 47 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун 21 жолугушуусу өттү. 

2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өттү. Экинчи жолугушуу 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болду. COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек. 

Тажикстан Республикасы менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

18-23-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев Баткен облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугуп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү автомобиль жолунун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө. 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 31 отуруму, топографиялык жумушчу топтордун 96 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун 2 жолугушуусу өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатат.

Программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 млн 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 млн сом Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости