www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Kaktus.media редакциясынын колуна эки кишинин сүйлөшкөнү жазылган аудио кабар тийген. Сүйлөшкөн кишилердин бири, кыязы, Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сапар Аманкулов, экинчиси Нарын ИИББинин кызматкери Азиз Манасбек уулу.

Маектешкендердин бири ал Нарын ШИИБинде аймактык тескөөчү (участковый) болуп иштей турганын, аты Азиз Манасбек уулу экенин телефондо айткан.

Аймактык милиционердин айтымында, алар эки айдан бери күнү-түнү посттордо турганы менен кошумча айлык акы төлөнбөгөн жана анда-санда гана үй-бүлөсүн көрө алган.

"Ошону менен бирге эле жетекчилик милиционерлерге чогулуш өткөрүп, Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы менен анын оперативдик иштер боюнча орун басары үчүн жатаканасына 300 сомдон чогултуу зарылдыгын айткан.  Биз эки айдан бери ушул жерде турабыз, бул кылгандары туура эмес да”, - деп милиционер болжол менен жетекчиликке кайрылган.

Алардын диалогу төмөндөгүчө болгон:

Биринчи маектеш: - Фамилияңыз ким?

Экинчи маектеш: - Манасбек уулу;

Биринчи маектеш: - Атың ким?

Экинчи маектеш: - Азиз.

Биринчи маектеш: - Азиз, бир сом чогултуунун да кереги жок. Макулбу?

Экинчи маектеш: - Жолдош полковник, сиз чалып, өздүк курамдан акча чогултпагыла деп айтыңызчы. Болбосо, мен баарын Интернетке жарыялайм. Сиз мени туура түшүнүңүз, жаман көрбөңүз.

Экинчи маектеш: - Мен сени жаман көрбөйм, сен азаматсың! Азыр Талант менен чалып, сүйлөшөм.

Белгилей кетсек, Сапар Аманкулов бир нече жумадан бери Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жатат. Анткени мурунку жетекчилер коронавируска шектелгени үчүн карантинге алынган.

Аманкулов буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары тергөө кызматын жетектеген.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги Нарын ОИИББине байланышканыбызда тергөө иштери бүткөндөн кийин маалымат бериле турганын кабарлашты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости