www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков “Социал демократтар” партиясы менен парламенттик шайлоого 7-тизмеде аттанды. Мындай чечимди кабыл алуусуна Сеид Атамбаевдин суранычы себеп болгон. 

Эске салсак, 2007-жылы Жусупжан Жээнбеков КСДПдан депутат болуп, бийликке каршы чыкканы менен белгилүү. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” демекчи, ал бүгүнкү күндө оппозициялык багытын тандап алды. Эски досу Алмазбек Атамбаев түрмөдө жатканына байланыштуу, анын балдарына караан болууга бел байлаганын эшиттик. Дал ушундай шартта каарманыбыз ишке киришсе, партиялашы Анвар Артыков “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, тийишип калыптыр. Болгондо да өзбекче сүйлөп. Ачууланган Жусаке аны алка жакадан алып, катыгын берип саларда ажыратып калышыптыр... Анвар аканын духу түшүп калганын каңкуулашты...

Булак: Aryba.kg

Последние новости