www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жакындары аны кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берип койгон болушу мүмкүн экенин билдирип, камтама болушууда. Камактагы журналисттин апасы Гавхаржон Мадаминованын 21-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына айтканына караганда, уулу Өзбекстанга жеткирилиши мүмкүн.

Мадаминова 21-августта өзүн Хорезм облустук администрациясынын кызматкери катары тааныштырган «Сайёра» аттуу аял анын үйүнө келип, Ташкент шаарынын аэропортунан "уулуна учурашуу үчүн чукул арада баш калаага барышы керектигин" айткан.

Ал аял 22-августка Үргөнч-Ташкент каттамындагы учак билетин да берип кеткен.

Бул маалыматты Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» аттуу уюмдун жетекчиси Надежда Атаева да «Фейсбук» баракчасына жарыялды.

Өзбекстандык журналисттин Бишкектеги жактоочусу Тимур Карабаев да 8-августтан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Абдуллаевди Башкы прокуратура Өзбекстанга эктрадициялоо жөнүндө чечим кабыл алып коюшу мүмкүн деп эсептейт.

«Биздеги маалымат боюнча Кыргызстандын тиешелүү кызматтары Абдуллаевди жашыруун түрдө өткөрүп берүүгө аракет кылып жатышы мүмкүн. Албетте, бул маалыматты такташ керек. Бирок Абдуллаевдин апасы жөн жерден маалымат таратпайт эле. УКМК карантин шылтоосу менен жактоочуларды Бобомурод Абдуллаев менен жолуктурбай келген. Башкы прокуратура Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берүүнү чечкен болсо мыйзам боюнча бизде ал чечимге каршы сотко арызданууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок буга чейин УКМК жана прокуратура Бобомурод Абдуллаев боюнча маалымат бербей келди», - деди Тимур Карабаев.

УКМК Абдуллаевге байланыштуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева да 18-августта «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүнө адвокаттарын жолуктурбай жаткандыктан Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен 8-августта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Булак: Азаттык

Последние новости