www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Насип:

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын учурдагы абалын Нурлан Насип видеокайрылуусунда айтты. Айтымында, Асел Кадырбекованын ден соолугу толук калыбына келиш үчүн дагы убакыт керек.

"Аселдин кырсыкка кабылганына 2 айдай убакыт болуп калды. Ушул убакыт аралыгында дос-жар, тууган-урук, тааныштар, күйөрмандар айтор көптөгөн адамдар анын айыгып кетишин Кудайдан тиледи. Сиздерге анын абалын айтып коюуну туура көрдүм.

Кудайдын буйругу менен Асел жакшы болуп келе жатат, азыр кызы менен ойноп, өзү басып, өзү тамак ичип, биз менен сүйлөшүп бизди сүйүнтүп жатат. Алгач жаратканга ыраазымын, андан кийин Бишкектеги №4 шаардык оорукананын жамаатына, анын ичинде хирург Сабырбек Жумабековго, анан сөзсүз жалпы кыргыз элинин жакшы тилеги үчүн ыраазымын", - дейт Нурлан Насип.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости