www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты

«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ырастады.

Маалыматка караганда, Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулун бошотуу тууралуу 19-августта чечим чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Жогорку сот мурдагы депутатка карата чыккан өкүм тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстандын Жогорку соту былтыр Дамирбек Асылбек уулун Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт деп чечилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости