www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгачкы сүйүү

41 жаштагы Анжелина Жоли алгачкы сүйүүгө 1989-жылы кабылып, сүйүктүүсү менен никесиз эки жыл чогуу жашаган. Тилекке каршы, сүйүктүүсүнүн бычак менен коркута берген адатынан улам денесине бир нече жаракат алып, жыйынтыгында андан кол үзгөн. 20 жашында британиялык актёр Жонни Ли Миллер менен баш кошуп, үч жылдан соң эки башка жолго түшүшөт. Ажырашуусуна экөөнүн тең жаштык кылганы себеп болгон. Экинчи күйөөсү актёр Билли Боб Торнтон менен 2000-жылы баш кошот. Тилекке каршы, бул жолу да никеси бактысыз болот. Үч жыл жашагандан кийин ажырашышат.

Бактылуу үй-бүлө

2004-жылы “Мистер жана миссис Смит” тасмасына тартылуу учурунда тасмадагы өнөктөшү Брэд Питт менен таанышып, мамилеси сүйүүгө айланат. Бул учурда Брэд актриса Женнифер Энистонго үйлөнгөн болчу. Женнифер менен пикир келишпестиктен улам 2005-жылы ажырашат. 2006-жылы Анжелина Брэдден боюнда болгонун маалымат булактарына айтып чыгат. Ошол эле жылдын май айында Шайло аттуу кыздуу болушат. Көп өтпөй Брэд Анжелинанын Мэддокс жана Захара деген балдарына өз фамилиясын берет. Кийинчерээк Вьетнамдан Пакс деген баланы багып алышат. Кийинчерээк Нокс жана Вивьен аттуу эгиз балалуу болушат. 2014-жылдын 23-августунда үйлөнүү тоюн өткөрүшүп, расмий түрдө баш кошушат.

Оору менен күрөшүү

2007-жылы Анжелинанын апасы Маршелин Бертран аналык безинин рагынан улам каза болот. Бул окуя актрисанын медициналык кароодон өтүшүнө себеп болот. Жыйынтыгында ал эмчек рагына кабылгандыгын билип, 2013-жылы эки эмчегин тең алдырып салат. Жылдан-жылга арыктап отуруп салмагы 35 кило­граммга чейин түшүп кетет.

Ажырашуу

Бактылуу жашоосунун акыркы жылдары Анжелина менен Брэддин ажырашуусу тууралуу кептер байма-бай тарайт. 2016-жылы расмий түрдө ажырашышат. Ажырашуусунун себебин Анжелина экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөргө байланыштырат. Анын айтымында, Брэд Питт Анжелинанын көзүнө чөп салган, алкоголго берилип кеткен жана балдарына ташбоор мамиле жасачу. Анжелина Брэдди көзүнө чөп салгандыгы үчүн эле эмес, аны никесиз балдары бар үчүн да айыптайт. Ал рок ырчысы Мелисса Этеридждин балдарынын атасы Брэд экенинен шектенип, Брэдден ДНК тест тапшыруусун талап кылган. Брэд Мелиссага сперма донору болуп бергендиги тастыкталгандан кийин Анжелина менен Брэддин ортосунда дагы бир чыр чыгып, бул да ажырашууга себеп болгондугу айтылат. Ал эми Брэд Питт Анжелинаны оорусунан улам депрессияга кабылып, келбетине көңүл бурбай койгондугун белгилейт. Бул нерсе Брэддин Анжелинадан көңүлү калуусуна, тажоосуна алып келген. Дагы бир маалыматтар боюнча, Анжелина күйөөсүн болбогон нерсе үчүн да кызганып чыр салчу. Анын айынан бир жолу Брэд бала багуучусуна дос катары мамиле кылып койгону үчүн бала багуучусун жумуштан айдап салган.

Ажырашуудан кийин

Экөө расмий түрдө ажырашкан соң Анжелина Жоли балдарын алып ашыкча көңүл буруулардан алыс болуу үчүн Американын жабык шаарына көчүп кеткени жазылып чыкты. Андан көп өтпөй "араб миллионерин сүйүп калгандыгы үчүн Брэд менен ажырашты" деген маалымат тарады. Бирок Питт Анжелинаны дагы деле сүйөрүн айтып келет. Анын айтымында, Анжелина менен жарашууну каалайт жана өзүнө башка бирөөнү издегиси келбейт. Жарашуу үчүн ал Анжелинанын атасы Жон Войтко да жардам сурап кайрылган. Брэд Питт маектеринин биринде мындай дейт: “Анжелина ооруп калганда дайыма жумушундагы, жеке жашоосундагы маселелерге нерв боло берчү. Арыктап кеткенде да күнү-түнү ыйлап, жинин башкалардан чыгарчу. Акыркы күндөрү күлбөй да калган. Өзүнө карабай жүдөп кеткен. Тасмаларга тартылуудан баш тартып, түнт болуп кеткен. Ошондо мага ажырашат окшойбуз деген ой келген. Бирок ажырашууга жол бергим келбей, тескерисинче, аны колдоп-кубаттоого аракет кылдым. Дүйнөдөгү эң сулуу айымды Кудай мага буйруганына кубандым. Кантсе да ал көпчүлүк эркектердин эле эмес, айымдардын да идеалы эмеспи. Оорусун унутсун деп аны күн сайын гүлдөр, ар кандай сюрприздер менен кубантып турчумун. Ажырашканыма азыр дагы өкүнөм. Балдарымды сагынам, алар менен чогуу болгум келет. Анжелинага болгон сүйүүм дагы деле өчө элек”.

Булак: "lady.kg"

Последние новости