www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП парламенттик фракциясы мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы жана жайгаштырылышы жөнүндө мамлекеттик органдар менен мекемелердин маалыматын укту.

Маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков буларды айтты: «Азыркы учурда мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган ишкананы түзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Аларды даярдоого өткөн жылы мамлекеттик документтерди даярдоого 305 млн сом жумшалды. Ырас, бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик документтерди коргоо максатында, бизге мамлекеттик ишкананы түзүү сунушу берилген. Бюджеттин каржы тартыштыгы болгондугуна байланыштуу аны аткарууга мүмкүнчүлүк жок”, - дейт Маммүлкфонд башчысы.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Күмүшбек Шамканов кыргыз жарандарынын паспорту англиялык “Де ля Ру” компаниясы, улуттук валюта Кенияда жайгашкан франциялык компания тарабынан даярдалып жатканы тууралуу маалымдаса, Юстиция министри Уран Ахметов ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар экениндигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости