www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП фракциясы мамлекеттик документтерди коргоо чараларын жакшыртууга багытталган «Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов мыйзам долбоору өтө сабатсыз жазылганын, анын жоболору так жазылышы керектигин белгилеп, парламенттин кароосуна ушундай мыйзам долбоорун сунуштаганы үчүн юстиция министри Уран Ахметовду уяткарды. “Мындай мыйзам болбойт. Азыртан оӊдош керек. Кийин, ченемдик укук актыларын чыгарып жатканда, эмнеге таянасыӊар?”, - деди.
Эске салсак, ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы Өкмөткө Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган мамлекеттик ишкананы түзүү тапшырмасын берди.
Булак: NazarNews.kg