www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан беш саат мурун “Баласын өлтүргөн аял кармалды» аталышта кайгылуу куш кабар жазган элек. Ошол аял жөнүндө толук маалыматты «Турмуш» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка таянсак, Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылынан кармалган аял психикалык жактан бир жылдан бери ооруп жүргөн. 23 жашта. Ысык-Ата райондук ооруканасында медайым болуп иштечү. Өткөн жылы Кеӊ-Булуӊ айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөсүндө уруш көп болгон. Жолдошу сабачу экен. Ушундан улам келин психикалык жактан жабыркап калган. Анан күйөөсү баласы менен кошо төркүнүнө алып барып, "кызыӊарды айыктырып алгыла" деп таштап коюптур. Жолдошунун үй-бүлөсү жакшы турушчу.
Психикалык жактан жабыркаган келиндин апасы айылдагы ооруканада башкы дарыгер болуп иштейт. Атасы кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Апасы 5 баланы өзү жалгыз чоӊойтуп өстүргөн. Кызынын кызматын көрөрдө минтип күнүгө шаарда милицияда суралып жүрөт.
Алдын ал маалым болгондой, өз энесинин колунан көз жумган наристе кечээ, 1-июнда бир жашка чыкмак. Ошол жерден эле мерт кеткен наристенин “мойнуна бычак сайган” деп келин шектелүүдө. Бул факты боюнча ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg