www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Жогорку соттон мусулман калкы басымдуулук кылган алты өлкө жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкты токтоосуз түрдө калыбына келтирүүнү сурады.
Акүй бул кадамын коопсуздук чаралары менен байланыштырууда.
АКШнын Юстиция министрлиги 1-июнда чукул билдирүүнү Жогорку Сотко тапшырып, Виржиния апелляциялык соту Трамптын көрсөтмөсүнө каршы чыгуу менен бир нече алешемдиктерге жол бергенин баса белгиледи.
Администрациянын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн Жогорку соттун тогуз сотунун эң аз бешинин макулдугу керек.
Виржиния апелляциялык соту өткөн айда Трамптын миграциялык жарлыгын четке каккан. 6-мартта чыккан жарлыкта бардык качкындардын, андан тышкары Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендик жарандардын АКШга кирүүсүнө убактылуу бөгөт коюу каралган.
Булак: "centralasian.org"