www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми мындан ары эмне кылыш керек?

Президенттин аппараты түп тамыры менен жоюлушу керек. Жогорку Кеңештеги байлар менен уурулар, алып сатарлар, кызыл-кулактардын уюгу катары аны да жоюш зарыл. Өкмөттү түп тамыры менен алмаштырып, аткаруучу орган катары, өзү чечим чыгара турган өзү аткара аткара тургандай кылып күчтүү мекемеге айландырыш шарт. “Бухарада пулу бар, Кокондо кор болбойт” демекчи биздин бийликтегилер аман эле болсун. Керек болсо 2010-жылдагы бийликке келгендер Роза Отунбаева баш болуп элден кечирим сурашы керек. Мына жакында Курултай өттү, чыгып сүйлөгөндөрдүн көбү алжыды. Туруп алып ар кимиси өзүнүн көйгөн айтып келжиреди. Ошончо Курултай өткөргөнгө жараша жок дегенде паспорт маселесин айтып ыйлап ийсе болмок. Азыр эл менен бийликтин ортосундагы жол билинбегени менен эки ажырым. Бийликке нараазы болгон калктын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Азыр кандай? Жогору жакка чуркамай, арызданмай, пара бермей, тааныш издемей. Ушул жаман адаттар качан гана калмайынча кыргыз элинин абалы оңолушу кыйыныраак.

Эми паспорт маселеси боюнча айтайын, азыркы бийликтегилер жок жерден акча жасоону мыкты өздөштүрдү. Паспорт берүүнү тез арада токтотуу керек! Эмне бул бийликтин кыргыз деген улутту жок кылуусубу?

Мен коммунист катары айтып коюшум керек. Баардык кыргыз элин паспортту албоого чакырам. Кереги жок албагыла. Паспортко жынысы деген графаны жазгыча , улутун жазып койбойбу? Же аял менен эркекти бул бийлик көзү менен көрүп өздөштүрө албай, паспортунан окуганда таанып билишеби?

Урматтуу бийликтегилер! Кыргыз элине тийишпегиле. Кыргыз элин, улутун сактап калуу үчүн канча ата-бабалар канын төккөн. Тоолорду биздин кыргыздыкы болуп калсын деп, көчүп – конуп жашап кийинки муундарды ойлогон. Силер болсо даяр тамакка келип алып элдин канын сорбогула! Шишиңер толуп бара жатат! Өзүңөрдү жыйнап алгыла!

Мындай пикирин Нарын облусунун тургуну Жеңишбек Жумалиев билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости