www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан улам киргизилген карантин режими маалында Анжиян шаарындагы өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасынын жумушчулары 15 күндөн заводдо түнөп иштеп жатышат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
– Бул жерде түнөп иштегенге эч кандай шарттар жок. Биз полу бетон кампада уктап жатабыз. Түрдүү курт-кумурскалар көп. Жетекчилик каалабасаңар жумуштан кете бергиле деп жатат. Ишсиз калуудан коркуп мындай шарттарга макул болууга аргасызбыз», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жетекчилик аларды күнүнө 10-12 саттан иштөөгө мажбурлоодо.
Өз кезегинде «UZ DONG YANG CO» компаниясынын өкүлү жумушчулар коронавирустан сактануу үчүн түнкүсүн өз каалоолору менен калып жатышканын билдирди.
– Коронавирустун жайылуусун алдына алуу максатында башка ишканалар сыяктуу эле биз да 15 күндүк нөөмөттөрдү уюштурганбыз. Бардыгы жумушчулардын каалоосу менен болуп жатат. Аларга күн сайын үч маал бекер тамак берилип, бардык шарттар түзүлгөн», — деди завод жетекчисинин жардамчысы.
Эске сала кетсек, өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасы 1996-жылы ачылган. Ал Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаанын салону үчүн тетиктерди өндүрүү менен алектенет. Азыр заводдо миңден ашык киши иштейт.
Булак: NazarNews.kg