www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Эльвира Сурабалдиева чек арага чектеш аймактарда өзбек, тажик телеканалдары иш алып барып, алар өз идеологиясын жайылтып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал улуттук коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү маселе катары саналган мамлекеттин маалымат саясатына токтолду.
"Аймактарга иш сапары менен барганыбызда аталган телеканалдардын материалдары жаштарга терс таасир берип, башка элдин тили, маданияты, салт-санаасы сиңип жатканы боюнча арыздануулар көп түшүүдө", - деди депутат.
КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу чек арага чектеш райондордо өзбек жана тажик телеканалдарынын санариптик сигналдары жайылып, Кыргыз өлкөсүнүн каналдары да аталган өлкөлөрдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg