www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук тарых музейин оңдоп, ремонттоодо чыныгы кыянаттын иш кылынгандыгын мурда аны курууга катышкан бир архитектор жадабай айтып келатат. Анткени, Усубалиевдин убагында ал музей Чычкандан ташылып келинген мармар таштар менен облицовкаланып, айлана тегерегине табийгый кызгылт гранит плиталар төшөлсө, алардын баары казылып алынып, Түркиядан келген жасалма плиталар жаткызылыптыр.
Албетте, жасалма таш менен табийгый граниттерди сапаты жагынан гана эмес, баасы жагынан да салыштырууга болбойт. Ал адамдын өзүнүн тиши менен жасалма тишин салыштыргандай эле нерсе. Архитектордун айтуусу боюнча, мармар таштардын баары сыйрылбастан ремонт талап кылынган плиталары гана алынып, ал эми граниттердин сынгандары гана окшош плиталарга алмаштырылып, ал эми калгандары тазаланып кайра ордуларына коюлса, ал бир жагынан оңдоп, түздөө иштерин кыйла арзандатса, экинчи жагынан Улуттук музейдин көркүн мурдагыдан да арттырмак экен. Бирок, оңдоп, түздөөчүлөр долбоорду арзаныраак эмес, кымбат бүтүрүүгө аракеттенишкендиктен Улуттук музейдин сыртынан гана эмес, ичинин да ишпалдасын чыгарып ташташты. Музейдин айлана тегеректеринен чыгарып алынган гранит плиталардын кайда ташылып кеткендиги белгисиз. Аларды Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайына ташытып барып, короосунун ичиндеги аянттарына, төтө жолдоруна тиздирип алгандыгы жөнүндө айтылып, жазылып келет. Мүмкүн, Улуттук тарых музейди оңдоп, ремонттоо мына ошол АШАнын хан сарайынын бир жагын бүткөрүү үчүн гана ишке ашырылгандыр?
Улуттук тарых музейин оңдоп, ремонттоого бардыгы болуп 25 миллион долларга жакын каражат жумшалса (тарых музейи убагында 30 миллион рублге курулган), тергеп тескөө иштеринин жүрүшүндө андагы бюджеттен бөлүнгөндөрдөн 307 миллион 650 миң сом уурдалгандыгы аныкталып, ал иш азыр сотто каралууда. Андагы негизги фигуранттар мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева. Ыгы келгенде айта кетели, президенттик аппараттын экономикага таптакыр тиешеси жок бөлүмүнүн башчысынын курулушка аралашкандыгы эле АШАнын убагында бийликти узурпациялоо кандай чекке жеткендигин көрсөтүп турат.
Оңдоп-түздөө иштерине түздөн түз кураторлук кылып, көрсөтмөлөрдү берип турган Сапар Исаковго Кылмыш-Жаза Кодексинин 319-беренеси менен айып коюлуп, прокурор аны үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратып, андан 247 миллион сомду өндүрүүнү, ал эми Мира Карабаевага 320-берене боюнча айып коюлуп, ага 260 миң сом айып пул салууну талап кылууда. Мира Карыбаеванын жактоочусу Бакытбек Автандилов өзү коргогон айымы кызматтык функциясы боюнча ремонт иштерине жооп бербей тургандыгын айтып, анын күнөөсүн жеңилдетүүгө аракеттенүүдө. Адвокаттардын кылган иштери, милдеттери ошол, элестүү айтканда, бээ жеген карышкырды деле күнөөсүз козудай кылып көрсөткөнгө аракет кыла беришет. Бирок, эгерде Улуттук тарых музейин реконструкциялоо анын түздөн-түз кызматтык функциясына кирбесе, эмне үчүн М.Карыбаева ал жерге аралашкан? Маселенин баары ушунда турбайбы.
Улуттук тарых музейин оңдоп-ремонттоодо сыртындагы баалуу гранит плиталар тонолуп, алар көпкө чыдабай турган жасалмаларга алмаштырылбастан ичиндеги макеттерди, айрым экспонаттарды жасоодо өтө чоң суммалардагы кошуп жазууларга жол берилгендиги аныкталган. Маселен, аттардын жыгачтан жасалган макеттери үчүн немис усталар 22-24 миң евродон алышыптыр. Аларды жергиликтүү усталар 2-3 миң долларга эле жасап беришмек экен. Аларга музейден уурдалган баалуу экспонаттарды кошкондо, жогорудагы эки фигурантка тагылган айыптар андан да көбөйүшү күтүлүүдө. Азырынча соту урдалган экспонаттар жөнүндөгү ишти эмес, оңдоп түздөөдөгү ашыкча чыгымдалгандар жөнүндөгү ишти гана карап жатат.
Улуттук деген макамдагы мекемелер жана алардын имараттары түздөн түз өкмөттүн жоопкерчилигинде жана көзөмөлүндө болот. Башкы фигурант Сапар Исаков Атамбаевдин тымызын тапшырмасы аркылуубу, же өзүнүн курулуш иштеринде, өндүрүштө таптакыр тажрыйбасы жоктугунан уламбы, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо ири коррупциялык долбоорго катышуучу болгондугу негизинен далилденди десек болот.
Адистердин айтымдарында, ага сарпталган акчага Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялоого кеткен 386 миллион доллар жаңы ЖЭБди куруп, бүткөргөнгө жеткендей эле, 25 миллион долларга жакын каражатка жаңы музей курса деле болмок экен. Бирок мурдагы президенттин криминалдык кландык тобунун мүчөлөрү андан да өз кызыкчылыктарына эң чоң каражаттарды өндүрүп алууну көздөшкөндөрүнөн улам ал Бишкек ЖЭБин модернизациялагандай эле ири коррупциялык долбоорго айланып кеткен. Ал долбоордун башында турган Сапар Исаков баштагандар сот тарабынан адилет жазасын алып, уурдалган каражаттардын бюджетке кайтарылуусун коомчулук чыдамсыздык менен күтүүдө.
Булак: Майдан.kg