www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык Активист Мелис Аспеков Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү айлык маселеси тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө (Воронцовка) айыл өкмөтүн эки күндөн бери Чүй облусунун прокуратурасы толугу менен текшерүү жүргүзүп баштады. 25-июнь айына чейин ошол жерде болот. Кимде кандай айыл өкмөтүнүн тарабынан мыйзам бузуулар болсо, түз прокуратура кызматкерлерине барып тапшырыңыздар.

Мага жеткен маалыматтар боюнча, мен түз эфир кылган соң, түнү менен кассага 4 миллион сом толуктап коюшуптур, бул дагы жакшы жышаан, пайдасы элге тийсин.

P. S. Прокуратура текшерип чыккандан кийин, булардын прокуратурасын кошо АКС УКМК келип текшерет, тиешелүү арыздарды өзүм барып тапшырдым”,-деп активист жазып чыкты.

Эске сала кетсек, жарандык активист Мелис Аспеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө барып, аталган мекеменин кызматкерлери эмне үчүн көп суммадагы эмгек акы алып жатышканын түшүндүрүп берүүнү айыл башчыдан талап кылган.

“Биздин айыл өкмөттө КОРРУПЦИЯ!!! Эмгек акыларын 113 528 сомдон коюп алышыптыр, бир адам 2-4 кызматтын эмгек акысын алат экен”,-деп жарандык активист жазган.

Ошол эле күнү, Мелис Аспеков тааныштары чалып, УКМКга арыз жазбай турчу деп суранып жатышканын социалдык баракчасынан билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости