www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улгайып калган адовкат Али Османович Касымов ЖМКлардын жазгандарына карабай Батукаевдин расмий жактоочусу болгон эмес. Бирок анын үй - бүлөсү менен тааныштыгы болуп, Батукаевдин эжеси Аха Батукаевага консультацияларды берип турган. Ал өз көрсөтмөсүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы болуп турганда Шамиль Атахановдун арты менен бул ишке аралашып калганын билдирген. Касымов анын ата - энеси менен достук мамиледе болгон, ал эми Шамиль Атаханов Али Османовичтин көз алдында чоңойгон. Атаханов УКМКнын төрагасы болуп дайындалганда, ал эски тааныш катары келип куттуктаган. Ошондо Атаханов юристке КРнын УКМК кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу курстарында сабак өтүүнү сунуштаган.

Бир ирет Али Османович Атахановго окутуучулук иштери боюнча маалымат берүү үчүн келгенде, Атаханов ага акырын кайрылып, «мамлекеттик маанилүү ишке жардам берүүсүн өтүнгөн. Кандай маанилүү иш экендиги тууралуу эч нерсе айткан эмес. Болгону Касымовго «бир адам» барып жолугарын кошумчалаган. 

Бир күнү адвокаттын кеңсесине азиат улутундагы, орто жаштардагы келбетүү эркек адам келген. Ал жогоруда аты - жөнү аталган, «Огонек» журналынын кабарчысы, чечен тараптан ортомчулук милдетти аткарган Алимжан Мирзаев болчу. Ал эч нерсе айтпастан, дебестен Али Османовичтин алдына скотч менен тыкыр оролгон пакеттин ичинде акча таштап кеткен. Көп өтпөй бул пакетти алып кетүү үчүн Атахановдун жакындарынын бири Бекенов келген. Марат Бекенов – «атайын операциядагы» баарынан кабардар болгон башкы катышуучулардын бири, ага «операцияны» ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөн. Ошондуктан анын тергөө менен келишимге баруунун алкагында берген көрсөмөлөрү өзгөчө кызыктуу. 2010-жылдагы апрель революциясынын кийин кадрдык чекист Бекенов көп эмес убакыт УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеп калат.

Андан соң Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда, Бекенов Өкмөттүн аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин камсыз кылуу жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин Бекенов убактылуу жумушсуз калат, бирок көпкө эмес, Атаханов УКМК башчылыгына келери менен өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

Эми Бекеновдун айткандарына келе турган болсок, анын айтымында, 2012-жылдын башында Атаханов аны иш бөлмөсүнө чакырып алып, Жаныш Бакиевди алып келип, сотко өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик программа бар экендигин, аны ишке ашыруу УКМКга тапшырылганын айткан. Ал үчүн ооруп жаткан бир кылмышкерди бошотуу боюнча жашыруун атайын операцияны ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

Атаханов ал зэктин аты жөнүн кеңешчисине ачык айткан эмес, бирок бул нөл бирдин (күч органындагылар президентти ушундай аташат) түздөн - түз тапшырмасы экендигин билдирген. Атаханов Батукаев жөнүндө эч нерсе айтпаса да, айрым карталарды ачыкка чыгарган. Тагыраагы, Делимханов менен Кадыровдун ысымдарын атап, алар Жаныш Бакиевди алып келип бериши мүмкүндүгүн, зарылчылыгы болсо Максим Бакиевди да алып келип беришерин билдирген.

Ток этерин айтканда, Бекеновго төмөндөгүдөй тапшырма берилген. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарды бошотууга негиз болчу оорулардын тизмесин түзүү, диагноз койчу дарыгерди табуу жана оорулуу зекти бошотуу кайсы ведмостводон көз каранды экендигин аныктоо.

Бекеновдун айтымында, Атаханов ошондо эле Батукаевге рак диагнозу коюлары жөнүндөгү чечимди аныктап койгон экен. Ошон үчүн кайсы бир дарыгерди эмес, онколог врачты табууну талап кылган. Керектүү врачты бат эле таап, ал жөнүндө Атахановго маалымат бергенден кийин Бекенов шефине кайрылып, «кайсыл зэкти бошотуу тууралуу сөз болуп жатат? - деп кызыгып сурайт.

«Батукаев» деген жоопту укканда Бекенов бир азга оңтойсуздана түшөт да, атайын операцияга УКМКнын оперативдик түзүмүн кошуу сунушун айтат, же 2 - 3 опер кызматкерди кошуп берүүнү суранат. Атаханов «жок» деп жооп берет, «операция жашыруун, аны экөөбүз гана ишке ашырабыз». Атаханов операция ийгиликтүү ишке ашырылса, анын катышуучуларынын баары кылган иштери үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйланышарын убада кылат. Кийинки жолугушууда этияттанган Бекенов шефинен «операция президенттин Жарлыгы мененби, же Өкмөттүн токтому мененби, кандайдыр бир документтин негизинде мыйзамдаштырылабы?» деп сурайт. «Мыйзамдаштырылат» деп жооп берген Атаханов Бекеновду тынчтандырат. Атахановдун айтымында, ал өзү да президент Атамбаевден “атайын операцияны” ишке ашыруу үчүн кандайдыр кагаз түрүндөгү чечимди чыгарып берүүнү суранган. Атамбаев убада бергени менен операция боюнча эч кандай документке кол койгон эмес.

«Шамиль Эсенжановичтин күмөн саноосу улана берди» - дейт Бекенов өзүнүн берген көрсөтмөсүндө.

– Батукаев «кара», а биз «кызылдарбыз». Эгерде «каралар» убаданы «караларга» берген болсо, алар сөзсүз аткарышы керек. Убада «каралар» тарабынан «кызылдарга» берилип, ал аткарылбаса, бул алар үчүн уят болуп эсептелбейт. Ошондуктан Батукаев бизди алдап коюшу мүмкүн. Андыктан алардын адамдары биринчи Жаныш Бакиевди алып келишсин, анан биз Батукаевди бошотобуз». "Ал кантип алдамак эле, бул иштин артында Делимханов, Кадыров сыяктуу адамдар турбайбы?! – деп Атаханов таң калуусун жашырган эмес."

– Делимханов мени менен өзү байланышты. Экөөсү тең президент Атамбаев менен сүйлөшүштү. Баргыла, иштегиле.

Булак: Майдан.kg

Последние новости