www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев мыйзамсыз байыгандыкта күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июнундагы өкүмү менен Шадиев Аскар Маратович Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөлүү деп табылып эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен, 60 000 сом айып салуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды.
1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде, Шадиев Аскар Маратовичке биротоло эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен, 60 000 сом айып салуу менен, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Ошондой эле, Дуплищев Вячеслав Юрьевич Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-беренесинин 4-бөлүгү аркылуу 323-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып мүлкүн конфискациялоо менен, 60 000 сом айып салуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды",- деп айтылат соттун өкүмүндө.
Эске сала кетсек, Аскарбек Шадиев 2018-жылдын июнь айында Тажикстан аркылуу чек арадан өтүп, республикадан чыгып кеткен. Ходжентте ал дипломатиялык паспортун көрсөтүп, учакка олтурган. УКМК ага карата эл аралык издөө жарыялаган. Саясатчы 30 миң доллар акчаны өздөштүрүп алган деген айып тагылгандан кийин өлкөдөн кийин чыгып кеткен. Шадиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшырууга бөлүнгөн 30 миң долларды өздөштүрүп алган деген айып менен кылмыш иши козголуп, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.
Ноябрь айында “Бир Бол” фракциясынын чечими менен ал мандатынан ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg