www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Анжиян шаарындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон өңдүү жашы жете элек эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Анжиян облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык түйүн колдонуучулары үч жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгү өздөрү жашаган үйдө табылганын жазып чыгышкан. Облустук прокуратура бул маалыматты ырастап, шаардык прокуратура "Эки же андан көп кишини атайылап өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Маалыматка караганда, бул ишти облустун прокурору өз көзөмөлүнө алып, облустук прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмү тергей баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости