www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын терроризм жана экстремизм менен күрөшүү башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын алкагында Булакбаш районунда жашы жете элек балдарга динден мыйзамсыз сабак берген киши кармалды.

Маалыматка караганда, диний билими жана тиешелүү уруксаты жок адам 2020-жылдан бери 27 балага – өзбек жана кыргыз жарандарына «Куръони-карим» менен «Муаллими Соний» китептери боюнча сабак өтүп келген.

Окуу үчүн ал ар бир окуучудан 500 миң сумдан (45 доллардан) алган.

Мындан тышкары кармалган жаран сабак учурунда балдарды ур-токмокко алганы да аныкталган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости