www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп, ага башка тармактык комитеттердин мүчөлөрү да катышууда.

Депутаттар коронавирус илдетинин жайылышына каршы киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында жасалып жаткан иштерге байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп, айрым суроолорду Өкмөт өкүлдөрүнө узатышууда.

Жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова Түркияда калып калган Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү маселесин парламентте үчүнчү жолу көтөрүп жатканын эскертти.

"Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарында биздин 400гө жакын жарандарыбыз өлкөгө келе албай жатышат. Ал жакта онкологиялык оорулуулар, ооругандарды карагандар, кандайдыр бир белгисиз себептер менен баргандар бар. Алды мейманканаларда, арты көчөдө жүрүшөт. Алар алып ичкенге суубуз калбай калды, көчөгө да чыга албай жатабыз деп кайрылышууда.  14 күн обсервацияда жатканга да макул болуп жатышат. Бөтөн жерде жатканча, Кыргыз мамлекетинде жок дегенде ажатканада болсо да жаталычы деп кайрылышууда. Канча акча болсо да төлөйбүз деп жатышат", - деди Мусабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости