www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жардамга муктаж 200 үй-бүлөгө 4 тонна картошканын үрөнүн жардам катары таратты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирус илдетине байланыштуу жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө бир топ тоскоолдуктар болууда. Анткени үрөндү бир жерден экинчи аймакка жеткирүү дыйкандар үчүн кыйынга турууда. Бул маселени чечүү менен үйүнүн айланасындагы жерлерге эгин эгүүгө шарт түзүү учур талабы.

“Азыр бардык эле жерде жардам катары күнүмдүк тамак-аш таратылып жатат. Бул күн да өтөт, эртеңки күнүбүздү да унутпастан кам көрүшүбүз керек. Ошол максатта “Үйдө болуп, келечегиңе кам көр” акциясын баштадык. Анын алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, айыл-чарбага ылайыктуу жери барларга үрөн тараттык. Негизги максат, элдер санитардык-гигиеналык абалды сактап, үйүнүн айланасындагы бакчага эгин эгип сырткы байланышты азайтуу болуп саналат. Анткени элдер үрөн үчүн сыртка чыкпасын деп жеткирип берүүдөбүз. Ал эгиндер өсүп чыккандан кийин чачуучу дары-дармеги менен да камсыз кылабыз. Бул акция мындан ары да башка аймактарда улантылат”, - деди Аида Касымалиева.

Азыркы учурда үрөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол, Куршаб, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айыл аймактарына таратылып берилди.



Булак: NazarNews.kg