www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда алынары тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кечээ маалымат тараткан. Ошондон бери тарапташтары нааразы болуп, редакцияга келишүүдө. Келдибековду колдоп, капалангандардын бири Апаргүл Рыспекова.
--Мен Жогорку Соттун чечимине каршымын жана аябай капамын. Эмнеге ноябрга калат? Демек, бул дагы болсо бийликтин буйругу, коркоктугу, алсыздыгы. Ушундай болуп калганына мен эле эмес, көпчүлүк нааразы. Анткени ушул гана киши президенттикке татыктуу болчу. Төрт президент менен иштешкен киши иштин көзүн билет да. Бийлик башына деле иштин көзүн билген, билимдүү, илимдүү, башы мыкты иштеген адам келиш керек да. Ал бир гана - Келдибеков болчу. Келдибековдой саясатта таза адам жок.
--Тазалыгын кантип тастыктап бере аласыз, мисалы?
--Канча деген таасирлүү кызматтарда иштеди, бирок, ага беш манжасын салып алган жок да. Ичип-жеген жок. Мына башка саясатчылар ичип-жеп эле жатпайбы!
--Таасирлүү кызматтарда жүргөндө мамлекет үчүн кандай иштерди жасаганын билесиз?
--Кайсы жыл экени эсимде жок. Кайсы бир Курултайды колдоп, 200 миң сом берген. Элди колдоп, эл үчүн кызмат кылган адам. “Ак элечек энелер -2017” долбоорун колдоп, ага жардам берген адам. Кыргыздын идеологиясын көтөргөн мыкты инсан!
--Эми Келдибеков болбосо, анын жакын досу Ташиев турат. Ал кишиге жол ачылды. Анын талапкерлигин колдойсузбу?
--Ммм... Мен негизи Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдомокмун. Бул экөө да чындыктын курманы болуп олтурат. Текебаев болгон чындыкты бийликке айтып жакпай калды. Анда да оозеки эмес, кагаз жүзүндө айтып жатат. Ошон үчүн камакка алышты. Садыр Жапаров дагы Кумтөр боюнча чындыкты айта калам деп камакта калды. Мына сотуна катышып жатам, сотто да коркпой чындыкты айтып, позициясынан танган жок. Мен ушундай таңгалдым. Текебаев дагы ошентип айтып жатат. Позициясынан танбаган, бийликтен коркпой, алар менен күрөшкөн инилерим менен сыймыктанам. Бар болушсун, аман болушсун. Эртерээк камактан акталып чыгышсын! Акталат буйруса, анткени алар ак. Бийлик деген ушу экен да, мыктыларды камап, аларга бут тосуп. Бу дагы болсо убактылуу нерсе, бийлик да жооп берчү күн келет.
Мына бийлик Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп жатышат. Бул киши азыр кызматта. Ушул кызматта туруп эмне иш кылды? Эч нерсе кылган жок. Өзүнүн деңгээлин көрсөтүп атат го. Болбой эле ушундай адамды башчылыкка түртүп атат. Мисалы Жээнбековду эл колдобойт шайлоодо. Булар административдик ресурсту колдонуп эле өткөрүшпөсө, өтпөйт. Биометрика деген да балээни чыгарды. Бу дагы болсо шайлоодо утуп чыгуу ыкмасы.
--Сиз жогоруда атын атап жаткан адамдар: Текебаев, Келдибеков, Жапаров. Ушул үчөө тең президенттикке талапкерлигин коюп калса, кимисин колдойт элеңиз?
--Ахматбек Келдибековду!
Кызгалдак Жакыпова
Булак: NazarNews.kg