www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Камила айым, кечээ Жогорку Соттон: «Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат» деген чечим чыгып, билдирүү таркады. Мындай чечимди сиз кандай кабыл алып, кандай ойдо калдыңыз?

--Ушундай чечимди ММКлардан окуп калдым. Албетте, Жогорку Соттун мындай билдирүүсү көпчүлүктү бир топ ойго салып койду. Жакшылап ой калчай турган маселе болуп калды. Бул бир. Экинчиден, ар бир саясий чечим мыйзамга таянып бүтүм чыгуусу зарыл! Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнү мыйзамсыз эле бүтүмдөр чыгып калып жатканы эч кимге сыр деле эмес.

Ахматбек Келдибекович өтө билимдүү, тажрыйбалуу саясатчы. Ал киши да мыйзамдарды мыкты билген үчүн президенттик шайлоого катышууга кадамын таштаса керек!

Эми убакыт көрсөтөт: абал кандай болот, кайсы жакка бурулат, карап турабыз го?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости