www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата жана башка ГЭСтер менен алек болуп, аларды куруунун жолун издеп жатам. Мен тууралуу айтылган оң, терс пикирлерге көңүл бурганга убактым жок. Бул тууралуу коомдук ишмер Апас Жумагулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Апас агай, сыйлыгыңыз кут болсун. Сиз сыйлык алганы туура эмес алды деп сындагандар чыга баштады. Сизди сындагандар азыр да мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом экен, эки ГЭС бир ТЭЦ курууга жан үрөп жатканыңызды билишпейби?

- Мен ГЭС куруп, ТЭЦ курууга салым кошоюн деп аракеттенип жатам. Азыр Камбар-Ата жана башка ГЭСтер менен алек болуп, аларды куруунун жолун издеп жатам. Мен тууралуу айтылган оң, терс пикирлерге көңүл бурганга беш мүнөт да убактым жок. 80ге чыгып, 90го чамалап калып, иштеп жатсам да ар кайсыны айтып жатышат.

Айлык албай советтер союзундагы доордой эле иштеп, мамлекетке салым кошоюн деп чын дилимден жардам берип жатсам да ичи тардык кылып, ар кайсыны айтышууда. Ошон үчүн аларга маани берип актангым, орустар айткандай актанууга убакыт короткум келбейт.

Анткени, ушул тармакты көтөрүүгө жардам бериңиз деген ишеним мага дем берет. Тагыраагы, орден алгандай эле сезим алып келет. Буюрса, бир-эки жылдын ичинде жасап жаткан аракеттерибиздин жыйынтыгы чыга баштайт. Орденге сыймыктангандан мурун, аны актасам экен, мага артылган ишенимдин өтөөсүнө чыксам экен деп жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости