www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда апасынан таяк жеген наристе бир туугандары менен кошо коопсуз жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Эмгек министрлиги жогоруда аталган окуяны көзөмөлгө алганы айтылган. Ага ылайык, социалдык тармактарда апасы - М.Ш. сабап жаткан наристе кыз 2 жашта экени, мындан тышкары ал аялдын өспүрүм курактагы дагы эки баласы бар экени аныкталган.

«Аталган факты 2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечими чыкты. Анын негизинде балдар Совет айыл аймагында жайгашкан «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылды», — деп жазылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле, М.Ш. үч баласына 2022-жылдын июль айынан бери «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун (3600 сом) алып келерин билдирген.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандагы социалдык тармактарда апасы баласын сабап жаткан видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.

Бул окуя боюнча Баткен милициясы 27-январда аларга Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылганын маалымдаган. Анда А.Б. видеодо жарандык никеде жашаган Ш.М. аттуу аялы алардын ортодогу кызын сабап салганын билдирген.

Аталган факт боючна Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Баланы, алсыз адамды же күнөөлүү адамдан материалдык жактан көз каранды болгон кишини, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган жаранды кыйноо») боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости