www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппарат башчысы Сапар Исаков бүгүн Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай айылына барып, элдин абалы менен таанышып, жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты. Алгач ал кайгылуу, көйгөйлүү маселе ажо Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө экенин билдирди. Айыл тургундары жолдорду калыбына келтирүү, балдарга социалдык жардам көрсөтүү, алардын билим алуусун уюштуруу, укуктук жактан жардам берүү маселелерин көтөрүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Эскерте кетсек, Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында, 29-апрелде таңга маал жер көчкү жүрүп, 7 үй менен кошо 24 адамды басып калган.

 

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости